Эл аралык студенттер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара
02.12.2025
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Эл аралык студенттер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Майрамдык иш-чарада Академиянын проректору Чолпон Муканбетовна Алкадырова жана Маданият министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын жетекчиси Бакай Кожомкул уулу куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, студенттерге мыкты окууну жана алдыга койгон максаттарына жетүүнү каалашты.
Иш-чаранын өзгөчө учуру – Студенттик кеңештин жаңы мүчөлөрүнүн тааныштырылышы жана Академиянын коомдук турмушуна активдүү катышкан студенттерге Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Студенттик жылдар — бул билимдин жана ачылыштардын эң унутулгус жана кызыктуу мезгили!






.jpeg)


