THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Эл аралык студенттер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара

02.12.2025

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Эл аралык студенттер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Майрамдык иш-чарада Академиянын проректору Чолпон Муканбетовна Алкадырова жана Маданият министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын жетекчиси Бакай Кожомкул уулу куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, студенттерге мыкты окууну жана алдыга койгон максаттарына жетүүнү каалашты.

Иш-чаранын өзгөчө учуру – Студенттик кеңештин жаңы мүчөлөрүнүн тааныштырылышы жана Академиянын коомдук турмушуна активдүү катышкан студенттерге  Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Студенттик жылдар — бул билимдин жана ачылыштардын эң унутулгус жана кызыктуу мезгили!