АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Кыргыз Республикасынын чыгаан мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун 124 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы

29.12.2025

28-декабрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмери, Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Кеңешинин (Министрлер Кабинетинин) биринчи төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 124 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Эскерүү аземин анын ысымын алып жүргөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (КРПМБА) уюштурду.

Катышуучулар Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталардын аллеясына чогулуп, Жусуп Абдрахмановдун эстелигине гүлчамбар коюшту. Ошондой эле анын жаркын элесин эскеришип, сүйлөгөндөр Абдрахмановду алысты көрө билген реформатор катары тайманбас позициясы жана мекенчилдиги менен айырмаланганын айтышып, анын эрдиги жана элге болгон берилгендиги келечек муундар үчүн үлгү болуп кала берерин баса белгилешти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев, Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү – Астемир Абдрахманов, Жусуп Абдрахманов атындагы коомдук фонддун төрагасы Мирбек Үсөбаев, тарыхчылар, коомдук ишмерлер, ошондой эле КРПМБАнын ректору Айгүл Калчакеева баштаган академиянын жамааты жана студенттери катышты.

Ошондой эле Академиянын имаратында «Жусуп Абдрахмановдун саясий портрети» аттуу презентация тартууланып, 2026-жылы Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдык мааракесинин алкагында ишке ашырыла турган демилгелер талкууланды. Атап айтканда, КРПМБА өзүнүн окуу программасына «Абдрахманов таануу» милдеттүү предметин киргизүүдө. Ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталардын эмгектерин изилдөөгө арналган өз алдынча дисциплинаны – Кыргыз Республикасынын саясий философиясы курсу катары иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Мындан тышкары, келерки жылы Жусуп Абдрахмановдун инсандыгынын тарыхый маанисин, анын эмгектерин жана мурасын талкуулоо максатында эл аралык башкаруу форумун өткөрүү пландалууда.