АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Ректор Айгүл Калчакеева Кытайга жасалган расмий сапардын алкагында эл аралык аналитикалык борборлордун делегациясын жетектеди

19.12.2025

Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Айгүл Калчакеева 18–27-ноябрь күндөрү Кытай Эл Республикасына жасалган расмий сапардын алкагында эл аралык аналитикалык борборлордун делегациясын жетектеди.

Сапар Кытайдын Заманбап дүйнөнү изилдөө борбору жана Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Эл аралык бөлүмү (CCCWS, IDCPC) тарабынан уюштурулуп, «Жакырчылыкты жоюуда жана айыл аймактарын өнүктүрүүдө ККПнын жетекчилиги жана анын глобалдык мааниси» темасына арналды.

Сапардын жүрүшүндө Айгүл Калчакеева Хубэй провинциясынын Ухань шаарында 20-ноябрда өткөн Чет өлкөлүк кытай таануу боюнча 6-Эл аралык жогорку деңгээлдеги форумда куттуктоо сөзү менен чыгып, эл аралык илимий конференцияда баяндама жасады. Форум Си Цзиньпиндин маданият жөнүндөгү ой-жүгүртүүсүнүн глобалдык маанисине жана цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүүгө арналды.

Мындан тышкары, сапардын алкагында Цзянси провинциясында жана Пекин шаарында мамлекеттик саясат, туруктуу өнүгүү жана аналитикалык изилдөөлөр жаатында тажрыйба алмашууга багытталган эксперттик жолугушуулар жана таанышуу иш-чаралары өткөрүлдү.