АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Профессор Вон-Гю Хван «Кыргыз Республикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн альтернативдик стратегиялары» китебин сунуштады

21.10.2025

2025-жылдын 17-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Түштүк Кореядан келген белгилүү макроэкономист, Академиянын кеңешчиси, профессор Вон-Гю Хвандын «Кыргыз Республикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн альтернативдик стратегиялары» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Профессор Хван Түштүк Кореядагы «Корей кереметинин» стратегияларын иштеп чыккандардын бири катары белгилүү.

Кеңири аудиторияга англис жана орус тилдеринде сунушталган бул китеп Кыргызстандын, Борбордук Азиянын жана дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн акыркы 10 жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрүн терең талдоого негизделген. Анда Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн жаңы көз караштар жана стратегиялар сунушталат.

Презентациянын жүрүшүндө, экономикалык божомолдоодо чоң тажрыйбага ээ болгон профессор Вон-Гю Хван өзүнүн негизги сунуштарын тартуулады. Алар макроэкономикалык саясатты, билим берүү, инновациялык технологиялар жана бизнес чөйрөсүндөгү реформаларды камтыйт. Профессор Хван Кыргызстанды статисттик «бурчтагы мамлекеттен» Борбордук Азиядагы динамикалуу Борбор-хабга айлантуу боюнча өзүнүн көз карашы менен бөлүштү.

Презентация чоң кызыгууну жаратып, Экономика министрлигинин жана Улуттук Стратегиялык Изилдөөлөр Институтунун (УСИИ) алдыңкы адистерин, көз карандысыз эксперттерди, ошондой эле Академиянын окутуучуларын, илимий кызматкерлерин, магистранттарын жана Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борборунун (КДКБ) курстарынын угуучуларын чогултту.

Профессор Хвандын китеби жана сунуштары мындан аркы талкуулар үчүн маанилүү дем берип, Кыргызстандын экономикалык саясатын жакшыртуу жана стратегиялык программаларды даярдоо үчүн баалуу негиз болуп берет. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүн пландаштыруу үчүн сунушталган альтернативдик стратегияларды колдонууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.