АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Финансылык коопсуздук боюнча V Олимпиаданын финалы жана Эл аралык тармактык институттун Кеңешинин жыйыны

15.10.2025

Академиянын окутуучулары, Майрам Токтобекова жана Эркайым Мамбеталиева, 29-сентябрдан 3-октябрга чейин Красноярск шаарында өткөн финансылык коопсуздук боюнча юбилейлик V Эл аралык олимпиаданын финалына катышышты. Олимпиада финансылык коопсуздуктун азыркы чакырыктары жана тенденциялары жаатындагы билимдерин көрсөткөн 40 өлкөнүн таланттуу мектеп окуучуларын жана студенттерин бириктирди.

Олимпиаданын максаты — жаш муундун маалыматтык, финансылык жана укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, таланттуу жаштарды аныктоо жана финансылык коопсуздук жаатындагы окуу-таанып билүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу.

Иш-чаранын алкагында М.Токтобекова жана Э.Мамбеталиева "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү" деген темада кошумча кесиптик квалификацияны жогорулатуу программасы боюнча окуудан өтүштү.

Мындан тышкары, М.Токтобекова жана Э.Мамбеталиева Эл аралык тармактык институттун Кеңешинин 23-жыйынынын ишине катышып, анда глобалдык билим берүү тармагын өнүктүрүү, илимий билимдерди жана финансылык коопсуздук жаатындагы практикалык ыкмаларды алмашуу маселелери талкууланды. Академиянын өкүлдөрүнүн мындай эл аралык форумдарга катышуусу ата мекендик билим берүү системасынын дүйнөлүк академиялык коомчулукка интеграцияланышына жана алдыңкы тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.