АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик саясат жана башкаруу академиясынын жетекчилиги менен онлайн жолугушуу

07.08.2025

2025-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик саясат жана башкаруу академиясынын жетекчилиги менен онлайн жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга КРПМБАнын ректору Айгюль Муратовна Калчакеева жана Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик саясат жана башкаруу академиясынын ректору Жасур Шавкатович Салихов катышты. Бул жолугушуу 18-июлда Чолпон-Атада өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн адам ресурстарын өнүктүрүүгө жооптуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин IV жолугушуусунун алкагында эки жогорку окуу жайдын ортосунда кол коюлган Меморандумдун негизинде башталган кызматташтыктын уландысы болуп саналат.

Бул жолугушууга КРПМБА тараптан Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Айтбаев У.Ш. жана Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү боюнча изилдөөлөр бөлүмүнүн башкы адиси Шамкеев Б.А. дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө жана мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга багытталган кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Тактап айтканда, төмөнкү демилгелер каралды:

  • мамлекеттик башкаруу жаатындагы жетекчилер үчүн биргелешкен окуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • натыйжалуу башкаруу жана мамлекеттик кызматты өнүктүрүү маселелери боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жана аналитикалык иштерди жүргүзүү;
  • мамлекеттик саясат жана башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу боюнча эл аралык конференцияларды, эксперттик жолугушууларды жана иш-чараларды уюштуруу.

Тараптар жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы практикалык кадамдары тууралуу макулдашышты.