АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тегерек стол

04.07.2025

2025-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында «2023–2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу стратегиясынын иш-чаралар планын ишке ашыруу» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Башкы башкармалыгы жана «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.

 

Тегерек столдун негизги максаты – жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча көйгөйлөрдү талкуулоо жана аларды чечүүнүн эффективдүү жолдорун издөө болду. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Юриспруденция жана философия» кафедрасынын башчысы Камиль кызы Гузель жана Алымкулова Нурзат Жанболотовна тарабынан «Жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн юридикалык жоопкерчилик: колдонуу практикасындагы көйгөйлөр жана реформалоо боюнча сунуштар» аттуу доклад сунушталды.

 

Докладда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу тармагындагы бир катар көйгөйлөргө көңүл бурулду. Атап айтканда:

  • 2024-жылы 3 000ден ашык жабыркагандар менен болгон жол кырсыктарынын жогорку көрсөткүчү;
  • Жаза чараларынын сөзсүз аткарылышынын жетишсиздиги;
  • Коррупциялык тобокелдиктер жана айып пулдарды өндүрүү ишинин натыйжасыздыгы;
  • Жол кыймылынын катышуучуларынын укуктук маданиятынын төмөн деңгээли.

Эксперттер төмөнкүдөй комплекстүү чараларды сунушташты:

  • Баллдык (упайлык) системаны киргизүү жана жол эрежелерин бузууларды электрондук базага каттоо;
  • Бузуу кайталанган учурларда жана айдоочунун киреше деңгээлине жараша айып пулдардын көлөмүн жогорулатуу;
  • Айдоо укугунан ажыратылган айдоочулар үчүн милдеттүү түрдө кайрадан окутууну уюштуруу;
  • Автотранспорт каражаттарына алкозамокторду орнотуу жана жол кыймылын көзөмөлдөө тутумун автоматташтыруу;
  • Жол кыймылынын эрежелерин мектеп программасына киргизүү жана калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Тегерек столдун катышуучулары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча системалуу реформаларды жүргүзүү зарылдыгын бир добуштан колдоп, бул багытта мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун кызматташтыгы өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти.