КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Өзгөчө статустагы Мамлекеттик башкаруу академиясында эмнелер өзгөрөт – ректор менен маек

19.12.2025

Өзгөчө статустагы Мамлекеттик башкаруу академиясында эмнелер өзгөрөт – ректор менен маек

2025-жылдын ноябрь айынын аягында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Жусуп Абдрахманов атындагы президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына өзгөчө статус берилди. Бул чечим мамлекеттик билим берүү мекемесинин тарыхында жаңы маанилүү баракты ачып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу системасын бекемдөөгө багытталган. Академиянын ректору Айгүл Калчакеева маегинде бул чечимдин мааниси, алдыдагы өзгөрүүлөр жана өлкөнүн мамлекеттик башкаруу системасы үчүн ачылып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.

– Айгүл Муратовна, бул жарлыкка кол коюлушу канчалык деңгээлде маанилүү жана ал академияга эмнелерди берет?

– Президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлуп, 5-декабрда күчүнө кирген бул жарлык, иш жүзүндө академиянын тарыхындагы таптакыр жаңы баракты ачат. Ал академияны модернизациялоого жана мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо тутумундагы негизги мекеме катары ролун жогорулатууга багытталган.

Өзгөчө статус уюштуруучулук, каржылык жана академиялык автономияны камсыз кылат. Иш жүзүндө биз Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасы үчүн кадрларды даярдаган жалгыз мамлекеттик окуу жайыбыз. Бул жарлык биздин статусубузду укуктук жактан бекемдеп, заманбап окутуу программаларын түзүүгө кеңири укуктарды берди.

Бул терең реформаларды талап кылат жана окуу жайдын түзүмүнөн баштап, өлкө жетекчилиги койгон максаттарга чейинки бардык багыттарды камтыйт.

– Учурдагы окуу программалары түп-тамырынан бери өзгөрөт дегенди билдиреби?

– Албетте, алдыдагы өзгөрүүлөр жаңы мүнөзгө ээ болот. Бүгүнкү күндө кадрлардын сапатына, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин даярдык деңгээлине карата нааразычылыктар аз эмес экени жашыруун эмес. Бул системалык көйгөй.

Ошондуктан, окуу жайлар адистерди даярдоо тутумун жаңылоодо негизги орунду ээлеши керек. Мамлекеттик башкаруу үчүн кадрларды даярдаган академиянын бул процессте миссиясы да, жоопкерчилиги да өзгөчө.

Биздин милдет – мамлекетти натыйжалуу, иш жүзүндө жыйынтык көрсөтө алган адистер менен камсыз кылуу. Бул процесстин башында турганыма сыймыктанам, бирок бул чоң жоопкерчиликти талап кылат: өлкө жетекчилиги тарабынан берилген ишеним реалдуу кадамдарды жана жогорку натыйжалуулукту далилдөөнү талап кылат.

Ошол эле учурда мен алдыдагы ишке ишенимдүү оптимизм менен карайм. Мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо тармагындагы билим берүү кандай болушу керектиги, негизги көйгөйлүү маселелер кайсы жерде экени жана аларды натыйжалуу чече турган механизмдер тууралуу так түшүнүгүм бар. Кол коюлган жарлык академияга зарыл болгон ыйгарым укуктарды берет жана пландаштырылган бардык өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн бекем пайдубал түзөт.

– Мында кайсы милдеттер эң татаал болуп саналат жана алгачкы жыйынтыктарды качан күтсө болот?

– Бул чынында эле бир заматта боло койчу процесс эмес. Эң аз өзгөрүүлөрдү көрүү үчүн да убакыт талап кылынат. Бирок, жетекчи катары менин башкы милдетим – алдыдагы бардык өзгөрүүлөр үчүн бекем негиз түзүү.

Система өнүгүп жатканы жана бул өнүгүү кагаз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө болуп жатканы азыртадан эле түшүнүктүү болушу үчүн биз кайсы багытта баратканыбызды так белгилеп алуубуз маанилүү.

Мамлекеттик кызматтардын акыркы колдонуучусу болгон коомчулук бул өзгөрүүлөрдү көрүп, сезиши мен үчүн өзгөчө маанилүү. Мамлекеттик кызматкерлерди даярдоонун сапаты жогорулап, мамилелер жаңыланып, ал эми мамлекеттик кызмат бара-бара кесипкөй жана жыйынтыкка багытталган болуп жатканы айкын көрүнүп турушу керек.

Өлкө жарандары бул өзгөрүүлөрдү өз жашоосунда сезгенде гана – бул Академиянын мамлекеттик кызматкердин моделин сапаттуу өзгөртүүгө кошкон салымынын далили болот.

Академия түзүлгөн учурда, ал чынында эле ага окууга өтүү эң кыйын болгон жалгыз билим берүү борбору болчу. Ал кемчиликсиз репутацияга, жогорку деңгээлдеги талаптарга жана олуттуу коомдук таанылууга ээ эле. Мен бул статусту кайра кайтаруу керек деп терең ишенем.

– Бул өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө бир гана мамлекеттин суроо-талаптарына таянасыздарбы же эл аралык тажрыйбаларды да колдоносуздарбы?

– Албетте, биз бир гана Кыргызстандын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерин окутуу боюнча мамлекеттик буйрутманын алкагында гана иш алып барбайбыз. Биздин жаңы статусубуз дал ушул кеңири академиялык эркиндикти шарттайт. Бул бизге академиялык саясатты өз алдынча калыптандырууга, өнүгүү стратегиясын түзүүгө жана эң негизгиси – кошумча киреше булактарын издөөгө мүмкүнчүлүк берет. Экономика тили менен айтканда, биз каржылоо булактарын диверсификациялашыбыз (ар тараптуу кылышыбыз) керек.

Биз бир гана республикалык бюджетке таянып, мамлекеттик гранттын эсебинен гана жашай албайбыз. Академия каржылык жактан туруктуу жана көз карандысыз болушу керек, буга жетүүнүн бир гана жолу бар – ал суроо-талапка ээ жана киреше алып келе турган өздүк коммерциялык программаларды түзүү. Бул бир гана каржы маселеси эмес, бул өнүгүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана сапаттык өсүү мүмкүнчүлүгү.

Быйылкы жылдан баштап академия бакалавриат программаларына кабыл алууну токтотту. Кандай гана окуу жайы болбосун, бакалавриат салттуу түрдө негизги киреше булагы болуп эсептелсе да, биз андан аң-сезимдүү түрдө баш тартуу чечимин кабыл алдык. Бул биздин негизги миссиябызга – магистратура программаларына жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга толугу менен көңүл буруу үчүн жасалды.

Биз формалдуу түрдө массалык окутуу менен алектенбей, өз статусубузга жана милдеттерибизге шайкеш келген иш менен – кесипкөй башкаруучуларды даярдоо менен алектенгибиз келет. Мындай багыт иштин сапатын жогорулатууга жана мамлекеттик башкаруу системасына чындыгында зарыл болгон адистерди берүүгө мүмкүндүк берет.

Ошону менен бирге, биз башка секторлор үчүн да жаңы магистрдик программаларды ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Алсак, академия түзүлгөн алгачкы жылдары Public Administration (Мамлекеттик башкаруу) программасы эң керектүү жана популярдуу программалардын бири болгон. Бул багыт азыр да актуалдуу жана коммерциялык жактан кызыктыруучу бойдон калууда.

Бүгүнкү күндө өлкөдө ЖОЖдор жана программалар көп болгонуна карабастан, кыска мөөнөттө практикалык куралдарга жана жыйынтыкка багытталган, чындыгында натыйжалуу Public administration магистратурасын табуу дагы деле кыйын. Мындай программаны түзүү үчүн чет элдик эксперттерди жана профессорлорду тартуу, мамлекеттик администрлөө тармагындагы эл аралык тажрыйбаны колдонуу, ошондой эле Академиянын өзүнүн бай эмпирикалык тажрыйбасын топтоп, кайра жандандыруу зарыл.

Бул тармакта дүйнө жүзү эбегейсиз билим топтоп койгонун моюнга алышыбыз керек жана жаңы нерсени ойлоп табуунун кажети жок. Биздин милдет – дүйнөдөгү мыкты тажрыйбаларды чогултуу, аларды улуттук өзгөчөлүктөрүбүзгө, мамлекеттик саясаттын талаптарына жана өлкөнүн кызыкчылыктарына ылайыкташтыруу. Ошондо гана адистерди даярдоо заманбап чакырыктарга жооп бере алат.

– Сиздин көз карашта академиянын бүтүрүүчүсүнүн идеалдуу образы кандай жана мамлекет үчүн адистерди даярдоонун сапаты тууралуу айтканда кайсы багыттарга таянасыз?

– 2025-жылдын июнь айында кызматка дайындалгандан кийин дароо Академиянын студенттери менен жолугуша баштадым. Мен үчүн академиянын жашоосу иш жүзүндө кандай экени тууралуу так маалыматты түздөн-түз ушул жерде билим алып жаткандардан алуу принципиалдуу түрдө маанилүү болчу. Студенттер жана окутуучулар менен баарлашуу – бул эң ачык жана калыс маалымат булагы, мен дал ушуга таянам.

Өз тарабымдан мен бир негизги ойду жеткирүүгө аракет кылам: ар бир бүтүрүүчү – бул академиянын визиттик карточкасы. Мен студенттерге сиздерге карап бир гана окуу процессине эмес, бизге — сиздерди даярдап жаткан жамаатка баа беришет деп ачык эле айтам.

Ошондуктан, бүтүрүүчүнүн моделин калыптандырууда биз биринчи кезекте баалуулуктардын негизин түзөбүз. Негизги баалуулук – мамлекеттик кызмат системасына таандык болуу. Менин көз карашымда, бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкер болуу – бул артыкчылык жана аң-сезимдүү тандоо. Бул жол оңой эмес, кээде тикенектүү, бирок адам бул жолду тандаса, демек ал өз өлкөсүнө пайда алып келүүнү каалайт.

Көптөгөн батыш өлкөлөрүндө, өзгөчө Европада алдыңкы университеттердин окуу пландарында "Коомго кызмат кылуу" деген дисциплина бар. Бизде болсо, тилекке каршы, эгемендүүлүк алгандан кийин бул философия көп жагынан жоголуп кетти. Биз мамлекетке бир гана сый акы үчүн эмес, пайдалуу болууну каалоо менен кызмат кылса болорун унутуп калгандайбыз.

Мен мамлекеттик кызмат бул философияны – коомго кызмат кылуу философиясын кайтарып келиши керек деп ишенем. Мамлекеттик кызматкер болуу – мамлекетке пайда алып келүүнү билдирет. Эгерде бул курамдык бөлүк жок болсо, анда иш өз маанисин жоготот. Дал ушул философиянын негизинде биз бүгүн академиянын жаңы окуу программаларын жана жаңыланган окуу планын түзүп жатабыз.

28-декабрь – академия атын алып жүргөн Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнү. Жусуп Абдрахманов – биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын инсандык масштабы, өзгөчө жаш лидерлердин мууну үчүн дайыма изилдөөнү жана аңдап билүүнү талап кылат.

Жогорку окуу жайлардын окуу программаларында биздин негиздөөчү аталарыбыздын саясий философиясын изилдөөгө көбүрөк көңүл буруу зарыл. Алардын эмгектеринде Кыргызстандын заманбап мамлекеттик башкаруу системасынын негизине төп келе турган көптөгөн идеялар камтылган.

Кыска убакыттын ичинде биздин академиянын окутуучулары шарттуу түрдө "Абдрахманов таануу" деп аталган курсту иштеп чыгышканын бөлүшүү мен үчүн өзгөчө кубанычтуу. Ал салттуу окуу дисциплиналарынан принципиалдуу түрдө айырмаланып, сын көз караш менен ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, Жусуп Абдрахмановдун негизги баалуулуктарын аңдап билүүгө багытталган академиялык рефлексия курсу болуп саналат.

Бул курс 2026-жылдан баштап академияда окугандардын барына милдеттүү болот. Иш жүзүндө бул академия учурда иштеп жаткан Кыргызстандын саясий философиясынын курсун түзүүгө карай алгачкы кадам.

Мен сөзүмдү Жусуп Абдрахмановдун: "Эркин элдин эртеңи болот. Кыргызымдын эркиндигине кызмат кыл" – деген сөздөрү менен жыйынтыктагым келет. Академиянын миссиясы дал ушул сөздөрдө камтылган.

Маектин шилтемеси https://kabar.kg/news/zgch-statuska-ee-bolgon-mamlekettik-bashkaruu-akademiyasynda-emneler-zgrt-rektor-menen-maek/