«Көчмөндөр мурасы» акыл таймашы
15.12.2025
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем–дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу доктринасын ишке ашыруу максатында Эл аралык Кувейт университети «Манас» жана «Улуттук адабият» күнүнө карата 2025-жылдын 11-декабрь ЖОЖдордун студенттери үчүн «Көчмөндөр мурасы» аттуу акыл таймаш өткөрдү.
Ага академиядан «Көк асаба» аталышындагы тайпа барып, жеңиш менен 1-орунду камсыз кылды.
Тайпанын мүчөлөрү:
– Сыдыков Ясин
– Жекшенбеков Нурдил
– Сапаров Марсбек
– Баатырбекова Айназик



