Мамлекеттик заказдын аткарылышы жана уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча кеңешме
02.12.2025
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында 2025-жылдагы мамлекеттик заказдын аткарылышы жана 2026-жылга болгон уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча кеңешме болуп өттү.
Жыйынга Академиянын Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борборунун региондордогу өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ректор Айгюль Муратовна Калчакеева алгач сөз сүйлөп, ал Академиянын Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борборунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу, алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча аткарып жаткан иштерине кыскача токтолуп, алдыда жасала турган милдеттерди белгилеп өттү.
Андан тышкары, Академиянын Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борборунун Баткен мамлекеттик университетиндеги өкүлү Бөрүбаева Гүлбара Назырбековага “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун отличниги” төш белгиси тапшырылды.

