Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына өзгөчө статус берүү
25.11.2025
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 327 Жарлыгына кол койду. Бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясына уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны көздөгөн өзгөчө статус ыйгарылды. Бул чечим натыйжалуу жана натыйжага багытталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын калыптандыруу, ошондой эле мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды.
Жарлыкка ылайык, Академия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагынан чыгарылат.
Академиянын финансылык ишин жөнгө салуучу атайын укуктук режим бир жылдык мөөнөткө киргизилет.
Өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик жогорку окуу жайларына берилген укуктарга кошумча, Академияга бир катар кошумча укуктар берилет. Атап айтканда, Камкорчулук кеңешинин макулдашуусу менен ички уюштуруучулук-башкаруучулук түзүмүн өз алдынча аныктоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын макулдашуусу менен проректорлорду кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, бюджеттен тышкары каражаттарды пайдалануу үчүн казыналык системасынан тышкары мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктарда банктык эсептерди ачуу, акы төлөнүүчү билим берүү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди өз алдынча түзүү жана бекитүү менен билим берүү, консультациялык жана илимий-изилдөө иштеринен каражаттар түрүндө киреше алуу укугуна ээ болот.
Бул чечим Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасындагы Академиянын алдыңкы билим берүү жана илимий борбор катары зор ролун бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

