КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Тегерек стол: "Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын компетенциялары: өнүгүүнүн баасы жана келечеги"

20.11.2025

2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик Башкаруу академиясында "Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын компетенциялары: өнүгүүнүн баасы жана келечеги" деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго мамлекеттик органдардын өкүлдөрү (кадрдык кызматтардын, министрликтер менен ведомстволордун стратегиялык пландоо башкармалыктарынын жетекчилери), Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги, көз карандысыз эксперттер, Академиянын магистрдик программалары боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуучулар, КУУнун изилдөөчүлөр тобунун мүчөлөрү ж.б. чакырылган.

Иш – чараны Академиянын ректору А.М. Калчакеева ачып, тегерек столдун максаты - мамлекеттик кызматчынын моделин иштеп чыгуу жана мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл компетенцияларды иштеп чыгуу жөнүндө айтып берди. Тегерек столдун негизги милдети – мамлекеттик кызматчылардын өлкөнүн жетекчилигинин кадрларын резервге даярдоого багытталган Академиянын жаңы магистердик окуу программалары аркылуу өтүп калыптанчу жаңы компетенцияларын жана көндүмдөрүн аныктоо.

Дискуссияны баштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен (Агенттиктин төрагасынын орун басары Шаршенова И.Ж.), Академиядан (проректор Алкадырова Ч.М.) жана "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууда компетенттүүлүк мамиленин моделин иштеп чыгуу" темасында илимий-изилдөө иштерин аткаруучулардын командасы (Шамкеев Б. А., илимий изилдөө иштеринин улук изилдөөчүсү) тарабынан үч презентация сунушталды.


Дискуссиянын жүрүшүндө көз карандысыз эксперттер чыгып сүйлөштү, алар мамлекеттик башкаруу системасынын заманбап чакырыктарынын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларда жаңы жана талап кылынган компетенцияларды жана көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн өз сунуштарын беришти. Жасалма интеллект, нейро тармактарды өздөштүрүү, өзгөрүүлөргө туруштук берүү, өз убагында жоопкерчиликти өзүнө ала билүү жана чечим кабыл алуу, демилгелүүлүк, мамлекеттик саясатты кармануу, эмпатияны колдоно билүү ж. б. ушул сыяктуу талап кылынган компетенциялар белгиленди.

Мындан тышкары, тегерек столдун катышуучулары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды баалоо системасына (ММК), ММК үчүн стандарттарды даярдоого, ММК окутуунун жаңы модели боюнча сунуштар берилди, ММК окутууну жана кайра даярдоону унификациялоо, окутуу программаларына мамлекетчил-практиктерди тартуу ж. б. у. с.

Өткөрүлгөн тегерек столдун жыйынтыгы боюнча алынган бардык сунуштар атайын жумушчу топ тарабынан изилденет жана Академиянын жаңы магистрдик программаларына киргизилет.