"Аракет кылуу мезгили" форуму жаш лидерлерди бириктирди
09.10.2025
2025-жылдын 26-сентябрынан 28-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери "Аракет кылуу мезгили" аталышындагы жаштар демилгелеринин республикалык форумуна активдүү катышышты.
Бул иш-чара өлкөнүн 7 облусунан 18 университеттин активдүү студенттерин бир аянтчага чогултуп, жаштар лидерлигин жана коомдук демилгелерди өнүктүрүүгө багытталды.
Үч күндүк программанын алкагында катышуучулар студенттик демилгелерди өнүктүрүү, долбоорлорду натыйжалуу башкаруу жана өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо боюнча атайын тренингдерден, семинарлардан жана тимбилдингдерден өтүштү. Бул иш-чара жаш лидерлерге тажрыйба алмашууга жана активдүү лидерлик жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түздү.
Академиянын студенттери Алия Таширова, Байэл Кадырбеков, Айсезим Эркинбекова, Улук Кубанычбек уулу, Нурболот Нурмаматов жана Сезим Акылбекова форумдун жүрүшүндөгү талкууларга жана тренингдерге жигердүү катышып, өз идеялары менен бөлүшүштү.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

