КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Академиянын студенттери демография боюнча эл аралык жайкы мектепте Кыргызстандын атын бийик көтөрүштү

08.10.2025

2025-жылдын 15-20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын 3-курс студенттери Адинай Камчыбекова жана Кыял Кенжекариева КМШ өлкөлөрү үчүн колдонмо демография боюнча II Эл аралык жайкы мектепке катышышты. Иш-чара Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өттү.

Биздин студенттер Академияны жана өлкөнү татыктуу көрсөтүп, жогорку деңгээлдеги билимдерин жана изилдөө көндүмдөрүн көрсөтүштү. Жайкы мектептин жыйынтыгында бир катар наамдарды жеңип алышып, анын ичинде «Мамлекеттин демографиялык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн улуттук статистикалык системалар: мыкты тажрыйбалар жана багыттар (Кыргызстандын тажрыйбасы)» аттуу долбоору менен «Эң мыкты топтук долбоор» наамына ээ болушту.

Долбоордун илимий жетекчиси - экономика илимдеринин кандидаты Ажар Жанышбековна Жолонбаева.

Академия студенттеринин тандалып, ийгиликтүү катышуусу Академиянын окуу пландарына БУУнун Калктын жайгашуусу фондунун (ЮНФПА) колдоосу менен демография сабагы киргизилгени менен тыгыз байланыштуу. Жайкы мектепти да ЮНФПА уюштурган. Алгачкы жолу Академиянын студенттери сынактан ийгиликтүү өтүп, мындай абройлуу аянтчада Кыргызстандын атынан катышышты.a