КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Мамлекеттик башкаруудагы менеджмент боюнча магистрдик программанын салтанаттуу ачылышы

01.09.2025

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Ханнс Зайдель Фондусу менен өнөктөштүктө гибриддик форматтагы жаңы магистрдик программанын салтанаттуу ачылыш аземин өткөрдү. «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы менеджмент» профили (багыты – «Менеджмент») боюнча ишке кирген бул программа мамлекеттик башкаруу системасы үчүн кадрлардын кесипкөй потенциалын жогорулатууга жана сапаттуу даярдоого багытталган негизги билим берүү долбоору болуп саналат.

Аземде Академиянын ректору Айгюль Муратовна Калчакеева жана Ханнс Зайдель Фондусунун Борбордук Азиядагы кеңсесинин башчысы Константин Кристиан Блашке куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөштү.

Жетекчилер конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 50 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди чын жүрөктөн куттукташты, аларга терең билимди өздөштүрүүдө чоң ийгиликтерди каалап, алынган компетенттүүлүктөр алардын келечектеги жооптуу ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошууга мүмкүндүк берерине ишеним артышты.

Бул биргелешкен программанын ишке киргизилиши Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун сапатын жогорулатуу үчүн жасалган маанилүү стратегиялык кадам болуп саналат. Бүтүрүүчүлөр башкаруунун алдыңкы жана инновациялык ыкмаларын өздөштүрүп, аларды мамлекеттик системага киргизе алары күтүлүүдө. Бул, өз кезегинде, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарында чечим кабыл алуу процессин натыйжалуу жана ачык-айкын кылат.

Академия менен Ханнс Зайдель Фондусунун жемиштүү кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын кадрдык потенциалын чыңдоого, компетенттүү башкаруучулардын жаңы муунун калыптандырууга мыкты шарттарды түзөт.