Академия Erasmus+ ESGCA "Экологиялык коммуникация: туруктуу өнүгүү үчүн маанилүү инструмент" аттуу эл аралык семинарга катышты
29.09.2025
2025-жылдын 9-сентябрынан 12-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы экологиялык коммуникация жана туруктуу өнүгүү маселелерине арналган Erasmus+ ESGCA эл аралык семинарына катышты.
Семинарга Борбордук Азия жана Европанын алдыңкы университеттери жана уюмдары, анын ичинде Генуя университети (Италия, долбоордун координатору), Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Тажик улуттук университети, Ысык-Көл мамлекеттик университети, ошондой эле башка академиялык жана кесиптик өнөктөштөр катышты.
Семинардын программасы төрт иш күндү камтыды, алардын ар бири ESG жана туруктуу өнүгүүнүн негизги аспектилерине арналды:
- 1-күн: ESGга киришүү жана заманбап экологиялык көйгөйлөр;
· 2-күн: Көмүртектин изи, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана таштандыларды башкаруу;
· 3-күн: ESG жана университеттик билим берүүнүн келечеги, адистердин жаңы муунун даярдоо;
- 4-күн: Университеттердин, мамлекеттик органдардын жана бизнестин катышуусунда кызматташууну өнүктүрүүгө жана мыкты тажрыйбалар менен алмашууга багытталган тегерек стол.
Академиянын семинарга катышуусу эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана экологиялык коммуникация жана туруктуу өнүгүүгө карата алдыңкы ыкмаларды киргизүүгө мүмкүндүк берди. Академия ESG принциптерине берилгендигин ырастайт жана алган билимин жана тажрыйбасын билим берүү ишмердүүлүгүндө жана мамлекеттик кызматчыларды кесиптик даярдоодо активдүү колдонууга ниеттенүүдө.
Бул иш-чара эл аралык академиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, Борбордук Азияда жана анын чегинен тышкары туруктуу өнүгүүнү, инновацияларды жана социалдык жоопкерчиликти илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт.




