КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Академияда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

24.09.2025

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чараны бакалавриат программасынын студенттери уюштурду.

Салтанаттуу иш-чараны Академиянын ректору Айгүл Муратовна Калчакеева жана «Кыргызтест» системасынын негиздөөчүсү, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген билим берүү кызматкери Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская ачып беришти. Алар өз сөздөрүндө иш-чаранын катышуучуларын майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер комуз жана аккордеон менен күүлөрдү аткарышып, ырларды окуп, ошондой эле музыкалык жана бий номерлерин тартуулашып, улуттук биримдиктин жана майрамдык маанайдын атмосферасын түзүштү.

Иш-чаранын соңунда Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская Академияга кыргыз жана орус тилдерин үйрөнүү үчүн окуу куралдарын тапшырды.