КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Академиясынын кызматкерлери жана студенттери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышышты

23.09.2025

2025-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлери жана студенттери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышышты. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.

Ишембилик учурунда Академияга бөлүнгөн аймак — Уркуя Салиева атындагы скверде тазалоо иштери жүргүзүлдү. Анда таштандылар чыгарылып, айлана-чөйрө иретке келтирилди.

Бул иш-чара кызматкерлердин жана студенттердин коомдук демилгелерге болгон жигердүү катышуусун жана экологиялык маданиятты жогорулатууга кошкон салымын көрсөттү.