2025-жылдын 10-сентябрында Академиянын Окумуштуулар кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү
12.09.2025
2025-жылдын 10-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында 2025-2026-окуу жылындагы Окумуштуулар кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү.
Отурумга Академиянын ректору Калчакеева Айгюль Муратовна төрагалык кылды. Күн тартибинде академиянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына тиешелүү бир нече маанилүү маселелер каралды.
Талкуунун негизги темалары:
- Академиянын 2025-2026-окуу жылына карата Окумуштуулар кеңешинин жаңы курамын бекитүү.
- Алдыдагы окуу жылына карата Окумуштуулар кеңешинин Иш планын бекитүү.
- Академияга 2025-2026-окуу жылына магистратура программасына кабыл алуунун жыйынтыгын талкуулоо.
- 2025-2026-жаңы окуу жылына даярдык көрүү маселелери.
- Академиянын документтер менен иштөө регламентин бекитүү.
- Академияда профессордук-окутуучулук курамдын (ПОК) кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү.
- “Ак-Толкун” мамлекеттик ишканасынын отчету жана өнүктүрүү планы.
Отурумда кабыл алынган чечимдер академиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана билим берүү программаларынын сапатын жакшыртууга багытталган.

