Жаңы окуу жылына карата профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер үчүн Багыттоочу семинар болуп өттү.
03.09.2025
28-август күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында жаңы окуу жылына карата профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер үчүн Багыттоочу семинар болуп өттү.
Семинардын негизги максаты — окутуу процессиндеги өзгөрүүлөр, жаңы окуу жылына карата ченемдик-укуктук документтер жана киргизилип жаткан санариптик куралдар менен Академиянын окутуучуларын жана кызматкерлерин тааныштыруу болду.
Академиянын ректору А.М. Калчакеева "Жаңы Академия" презентациясы менен чыгып сүйлөп, анда ишмердүүлүктү модернизациялоо концепциясынын алкагында жаңы окуу жылына карата академиянын максаттары жана милдеттери көрсөтүлдү. Бакалавриат программасынын жетекчиси А.К. Кыдыкбаева окутуучулардын рейтингинин жыйынтыгын сунуштап, анын негизинде туруктуу курамга окутуучулар тандалып алынды. Бул кадам — Академиянын окутуучуларын баалоо үчүн иштелип чыккан, билим берүү, илимий жана методикалык ишмердүүлүктүн индикаторлоруна негизделген ачык-айкын кесиптик баалоо системасынын биринчи баскычы болуп саналат.
Ошондой эле окутуучулар Академиянын бекитилген иш регламенти, келишимдердин мазмуну, жаңы платформалар жана санариптик окутуу технологиялары, ошондой эле санариптик этика менен тааныштырылды. Жаңы окуу жылында Академияда биринчи жолу сабактардын расписаниеси жана студенттердин сабакка катталуусу QR-код аркылуу ишке ашырылат.
Жыйынтыгында, семинардын алкагында профессордук-окутуучулук курамдын жана кызматкерлердин жаңы талаптарга жана билим берүү процессинин стандарттарына натыйжалуу жана жумшак адаптацияланышын камсыз кылуу, ошондой эле Академиянын стратегиялык милдеттерин көрсөтүү боюнча алгачкы милдет чечилди.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында, мамлекеттик кызматчыларды даярдоого жана кайра даярдоого кошкон ак ниет эмгеги жана салымы үчүн бир катар кызматкерлерге Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды. Сыйлыктарды Агенттиктин директору К.Б. Базарбаев тапшырды. Төмөнкү кызматкерлер сыйланды:
- Абдылдаева Асель Урматовна
- Айтбаева Фериде Канатовна
- Султаналиев Азис Тилебекович
- Сатыбалдиева Кенжегуь Беделбековна
- Кадырова Бермет Маратовна
- Асаналиева Кымбат Асангазиевна
- Беерманова Наргиза Жумабековна
Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле Академиянын капиталдык оңдоодон кийинки 2-корпусунун ачылыш аземи болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн эксперти Б.К. Сакиев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору К.Б. Базарбаев, ошондой эле Академиянын мурдагы ректору А.А. Акматалиев катышты.


