Чолпон-Ата шаарында гибриддик окутуу процессин натыйжалуу уюштурууга арналган жайкы мектеп болуп өттү
03.09.2025
2025-жылдын 17-18-августунда Чолпон-Ата шаарында гибриддик окутуу процессин натыйжалуу уюштурууга арналган жайкы мектеп болуп өттү. Иш-чара Жусуп Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Ханнс Зайдель Фонду тарабынан уюштурулган.
Бул иш-чара мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын 50 өкүлү үчүн жаңы гибриддик магистратура программасынын башталышына арналды. Академиянын ректору Айгюль Калчакеева, Ханнс Зайдель Фондунун аймактык директору Константин Блашке жана Ысык-Көл районунун акиминин биринчи орун басары Нургазы Эсенгелди уулу мектепти ачып, анын маанилүүлүгүн белгилешти.
Кыргыз улуттук агрардык университетинен келген тренер Гүлзат Садырова Академиянын профессорлору жана кызматкерлери менен гибриддик окутуу жаатындагы билимдерин жана практикалык тажрыйбасын бөлүштү. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жаңы программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон алдыңкы ыкмаларды, куралдарды жана технологияларды өздөштүрүштү. Эми окутуучулар «процесс аркылуу окутуу» принциби боюнча иштөөгө даяр, бул программаны ого бетер натыйжалуу жана практикага багытталган кылууга мүмкүндүк берет.

