Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстары
23.06.2025
2025-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстарын ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн аймактарында бир катар тренингдер өткөрүлдү. Атап айтканда, үстүбүздөгү жылдын март айында Ош мамлекеттик университетинде эки тренинг, ал эми апрель айында Баткен мамлекеттик университетинде "Социалдык-экономикалык өнүгүүнү стратегиялык пландаштыруу. Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүндө долбоордук мамиле" деген темада бир тренинг өткөрүлдү. Курстарды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын окутуучусу Айна Мамытова угуучуларды ESGCA долбоору менен тааныштырды. Ушундай эле курстар республиканын башка аймактарында жыл аягына чейин өткөрүлөт.
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын профилдик бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери.