В. И. Козодойдун “Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы” аттуу китебинин бет ачарын жана конок лекциясын өткөрдү
18.11.2025
Бул жолугушууга Академиянын окутуучулары жана кызматкерлери, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жаатындагы кызыкдар илимпоздор жана изилдөөчүлөр чакырылды. Жолугушуунун негизги лейтмотиви китептин бет ачары жана автордун биздин замандын биринчи жана экинчи миң жылдыгынын акыркы 18 кылымындагы кыргыздар жөнүндөгү тарыхый чындыкты калыбына келтирүү аракеттери болду.
Виктор Иванович Козодой кыргыз элинин байыркы келип чыгышы, байыркы Сибирдеги кыргыздардын цивилизациясы жана “Енисейдеги Жаңы дүйнөлүк дарыя цивилизациясы” жөнүндөгү ыктымалдуу илимий ачылыш тууралуу өзүнүн илимий аргументтерин келтирди. Анын көптөгөн фактыларды илимий негиздеши дүйнөлүк аты бар белгилүү окумуштуулардын: Бартольд, Радлов, Гумилев жана башкалардын эмгектери менен байланышкан. Китеп Россиядагы, Казакстандагы жана Кыргызстандагы архивдерди жана музей экспонаттарын кошо алганда, ар кандай булактардан алынган илимий фактыларга жана документалдуу далилдерге негизделген.
Китептин бет ачары жана ага удаалаш лекция жолугушуунун катышуучуларында чоң кызыгууну жаратты, анткени Академия В. И. Козодойдун эмгектерин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жана анын мамлекеттик башкаруунун заманбап системасын өнүктүрүүгө тийгизген таасири боюнча өзүнүн окуу программаларын даярдоодо колдонууга кызыкдар.
Автор тууралуу
Виктор Иванович Козодой (туулган жылы: 1961-жыл, 18-декабрь, Новосибирск) — орусиялык тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор.
Ал Новосибирск облусунун губернаторунун орун басары кызматын 2012-жылдын 11-майынан 2014-жылдын 6-апрелине чейин аркалаган.
Сибирь башкаруу жана массалык коммуникациялар академиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана ректору (2004–2010).
2018-жылы Орусия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Тарых институтунун директорунун милдетин аткаруучусу болуп иштеген.
Сибирь тарыхын изилдөө боюнча көптөгөн эмгектердин автору.
P.S. Жогоруда аталган китептер Бишкек шаарындагы китеп дүкөндөрүндө сатыкта бар.



















