THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

АКАДЕМИЯДА ИТАЛИЯНЫН АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МИНИСТРИ – БОРБОРДУК АЗИЯ БОЮНЧА КООРДИНАТОРУ, МЫРЗА ФЕДЕРИКО ФАЙЛЛА МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТ

07.11.2025

2025-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында (КРПМБА) Италия Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин Борбордук Азия боюнча Координатору, Атайын жана Ыйгарым укуктуу министр Федерико Файлланын КРПМБАнын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Италия делегациясынын курамында төмөнкүлөр болду:

  1. Ыйгарым укуктуу министр Федерико Файлла, Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча координатор жана Италиянын ТИМнин "1+5" форматындагы Италия жана Борбордук Азия министрлеринин жолугушуусунун координатору.

  2. Профессор Антонио Маркомини, Венециядагы Ка' Фоскари Университетинин айлана-чөйрө химиясы жаатындагы профессору жана изилдөөчүсү.

  3. Беспалова Мария Николаевна, Италия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу.

  4. Sogesid S.p.A. компаниясынын, Айлана-чөйрөнү коргоо жана энергетикалык коопсуздук министрлигинин (MASE) жана Инфраструктура жана транспорт министрлигинин (MIT) компанияларынын өкүлдөрү.

  5. Д-р Габриэлла Росси Креспи, Эл аралык кызматташтык программаларынын техникалык координатору.

  6. Лоренца Эмили айым, Sogesid S.p.A. компаниясынын кенже эксперти.

Тааптар "С5+Италия" форматындагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана 2026–2027-жылдарга карата Иш-аракеттер планынын негизги багыттарын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө негизги көңүл мамлекеттик башкаруу жана билим берүү чөйөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле экологиялык билим берүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерине бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары адистештирилген билим берүү курстарын жана квалификацияны жогорулатуу программаларын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышты, алар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин туруктуу өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча компетенцияларын калыптандырууга багытталган.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, италиялык окутуучуларды жана эксперттерди менеджмент жана мамлекеттик башкаруу жаатында КРПМБАнын академиялык программаларынын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууга тартуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле магистранттар жана "Келечек лидерлери" программасынын угуучулары үчүн Италиянын жогорку окуу жайларында жана окуу борборлорунда стажировкалар жана алмашуу программалары талкууланды.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Тараптар диалогду улантууга жана белгиленген демилгелерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды даярдоого киришүүгө макулдашышты.