THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары менен сыйлоо аземи

13.10.2025

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында бир катар профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Академиянын ректору Айгүл Муратовна Калчакеева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Шамбетов Тимур Эсенбекович жана квалификацияны жогорулатуу жана кадрлар резерви бөлүмүнүн башчысы Тогонбаев Эсенбек Алтымышович куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, окутуучулардын эмгегине жогору баа беришти.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүүгө жана реформалоого зор салым кошкондугу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдуулукту сактоо боюнча ишинде жогорку көрсөткүчтөргө жеткендиги үчүн:

  • Агенттиктин Ардак грамотасы менен Академиянын доценти Дүйшө кызы Нуржан жана доценттин милдетин аткаруучу Окенаева Майрамкүл Жокеновна сыйланышты.
  • Агенттиктин ыраазычылык каты Токтобекова Майрамкүл Акматбековнага тапшырылды.

Жогорку кесипкөйлүгү, көп жылдык ак ниет эмгеги, илимий-изилдөө ишин өнүктүрүүгө жана жогорку квалификациялуу башкаруу кадрларын сапаттуу даярдоого кошкон олуттуу салымы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата:

  • Академиянын Ардак грамотасы менен профессорлор Жапаров Турдубек Турдалиевич жана Ожукеева Токонай Ожукеевна сыйланышты.
  • Кынтыксыз иши, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн Академиянын ыраазычылык каты менен доценттин милдетин аткаруучулар Атакулова А.А., Конурбекова Г.Н. жана Алымкулова Н.Ж. сыйланышты.

Сыйлоо аземи окутуучулук курамдын мамлекеттик жана коомдук өнүгүүгө кошкон салымын дагы бир жолу тастыктап, алардын кесиптик майрамына карата өзгөчө маанай тартуулады.