THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Академиянын студенттери “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнунда 1-орунду ээлешти

09.10.2025

2025-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) 80 жылдыгына арналган “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнунда 1-орунду ээлешти.

Бул оюнду “Агартуу Лигасы” билим берүү уюму жана Бишкек шаарынын мэриясынын жаштар менен иш алып баруучу Консультативдик кеңеши жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында уюштурган.