THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Академиясынын ректору КР расмий делегациясынын курамында Беларуссия Республикасынын борбору Минск шаарына иш сапары менен барды

30.09.2025

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору 2025-жылдын 28-сентябрынан 30-сентябрына чейинки күндөрү Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында Беларуссия Республикасынын борбору Минск шаарына иш сапары менен барды.

29-сентябрда Жусуп Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясы менен Беларуссия Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Айгюль Муратовна Калчакеева жана Игорь Бузовский ректорлор кол койгон бул документ башкаруучу кадрларды даярдоо жаатындагы эки алдыңкы жогорку окуу жайдын эл аралык кызматташтыгын  чыңдоодогу маанилүү кадам болду.

Меморандум өз ара аракеттенүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып, төмөнкү багыттарга басым жасайт:

  • Кесиптик өнүгүү: Кыргызстан менен Беларуссиянын мамлекеттик кызматкерлерин кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
  • Академиялык мобилдүүлүк: Студенттер, окутуучулар жана изилдөөчүлөр менен алмашууну өнүктүрүү.
  • Биргелешкен ишмердүүлүк:
    • Илимий конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү.
    • Биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
    • Илимий-изилдөө долбоорлору жана кадрларды методикалык даярдоо.
    • Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө жасалма интеллектти колдонуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү.

Расмий иш сапардын алкагында ректор Айгюль Муратовна Калчакеева Башкаруу Академиясында кеңири программаны өткөрдү. Ал Башкаруучу кадрлар институтунун ишмердүүлүгү менен таанышып, адистештирилген окуу аянтчаларында, анын ичинде сот отурумдары залында, укуктук маалымат кабинетинде жана шайлоо процесси залында болду.

Айгюль Муратовна Калчакеева ошондой эле Беларуссиянын Президенттик Академиясынын угуучулары үчүн лекция окуду. Лекциянын жүрүшүндө ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүп, Академиянын түптөлүш тарыхы жөнүндө айтып берди. Ал мамлекеттик кызматкерлерди окутуунун заманбап системасына жана анын 2025-2030-жылдарга карата өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарына, ошондой эле "Келечек лидерлери мектебинин" ишине өзгөчө көңүл бурду.