THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

КРнын Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Кыргыз руханийлиги: өнүгүүнүн башаты жана келечеги” темасында мейман лекциясын өткөрдү

24.09.2025

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын "Көрөгөч" талкуу клубу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналганКыргыз руханийлиги: өнүгүүнүн башаты жана келечеги” темасында мейман лекциясын өткөрдү.

Академиянын ректору Айгюль Муратовна Калчакеева алгач сөз сүйлөп, философия илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Бозжол" Философиялык изилдөөлөр Борборунун директору Абдрасулов Саветбек Мисиркуловичти тааныштырды.

Иш чаранын жүрүшүндө лектор Кыргыз элинин руханий түшүнүгү, ар-намыс кодекси, маданияттын абалы, коомдун өнүгүшүнүн башаты, Айколдүк, чынчылдык жана калыстык темаларына кенен токтолуп өттү.

Суроо-жооп форматында бул иш-чаранын коноктору лекторго өздөрүнүн суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.