THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Мамлекеттик башкаруу академиясындагы санариптештирүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме

04.09.2025

2025-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында билим берүү процессин санариптештирүү маселелерине арналган жумушчу кеңешме болуп өттү. Иш-чарага "Түндүк" ААКнын санариптик билим берүү департаментинин директору Бабаев Бектурган Назарбекович жана санариптик чечимдердин архитектору Жамалидин уулу Тойчубек катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Академиянын санариптик трансформациясынын негизги багыттары каралды, анын ичинде:

  • кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу курстарынын жана магистрдик программалардын угуучуларын окутууну уюштуруу, коштоо жана мониторинг жүргүзүү процесстерин автоматташтыруу үчүн электрондук платформаны иштеп чыгуу;
  • заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен автоматташтыруу механизмдерин өркүндөтүү;
  • Академия тарабынан көрсөтүлүүчү санариптик билим берүү кызматтарынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Кеңешменин катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу системасына санариптик чечимдерди интеграциялоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти, бул анын ачыктыгын, натыйжалуулугун жана заманбап талаптарга шайкештигин камсыз кылат.