THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

"Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү" магистрдик программасынын бүтүрүү аземи болуп өттү

31.07.2025

2025-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасындагы адамдарга багытталган коррупцияга каршы күрөшүү жана отчеттуулукту күчөтүү боюнча БУУӨП долбоорунун алкагында ишке ашырылган "Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү" магистрдик программасынын бүтүрүү аземи болуп өттү.

 

Аземге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Калчакеева Айгюль Муратовна, АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин миссия жетекчисинин орун басары Лиз Зентос айым, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлү Александра Соловьёва айым, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Академиянын профессордук-окутуучулук курамы, көз карандысыз эксперттер, бүтүрүүчүлөр жана алардын насаатчылары катышты.

 

Жыл ичинде программанын магистранттары — мамлекеттик органдардын кызматкерлери, жарандык коомдун жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрү этика жана отчеттуулук, коррупцияга каршы мыйзамдар, башкарууну санариптештирүү, саясаттарды талдоо жана реформаларды киргизүү маселелерин терең изилдеп чыгышты.

 

Академиянын ректору Айгюль Калчакеева өзүнүн куттуктоо сөзүндө бул магистрдик программанын маанилүүлүгүн баса белгилеп: "Академия билимге гана ээ болбостон, мамлекеттик кызматкердин жогорку этикалык стандарттарына жооп берген жаңы муундагы лидерлерди даярдоо милдетин алдына койгон. Биздин магистрдик программаларыбыз, өзгөчө "Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү" программасы — бул коррупцияга системалык деңгээлде туруштук бере ала турган кесиптик коомдоштукту түзүүдөгү маанилүү кадам", — деп билдирди.

 

Салтанат интенсивдүү билим берүү программасынын жаркын аяктоосу болуп, ар бир бүтүрүүчү ар кандай чөйрөлөрдө коррупциянын алдын алууга багытталган өз демилгелерин киргизип баштады.  Бүтүрүүчүлөр алган билими жана кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү үчүн окутуучуларга, эл аралык өнөктөштөргө жана Академияга ыраазычылык билдиришти.