THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Магистратура программасына акысыз негизде окууга документтерди кабыл алуу башталды

13.08.2025

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

МАГИСТРАТУРАГА КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан - ары КРПМБА же Академия) Ханнс Зайдель Фонду (мындан - ары ФХЗ же Фонд) менен биргеликте уюштурулуп жаткан «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы менеджмент» профили боюнча магистратура программасына акысыз негизде окууга документтерди кабыл алууну жарыялайт. Окуу 2025-жылдын сентябрь айында башталып, гибриддик форматта өткөрүлөт жана диплом тапшыруу аземи 2026-жылдын 15-декабрына чейин өтөт.

Магистратурада окуу акысыз негизде болот. Магистратурага кабыл алынган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2025-жылы ар айда бир аптага жана 2026-жылы эки-үч айда бир Бишкекке окуу модулуна келип турушу абзел. Калган убакта окуу онлайн өтөт. Аларга Бишкекте өтүүчү окуу модулуна катышкандыгы үчүн стипендия төлөнүп берилет. Онлайн-сабактарга катышкандыктары үчүн магистранттарга стипендия каралган эмес. 

Сынакка Бишкек шаарынан башка Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 45 жашка чейинки жигердүү мамлекеттик кызматкерлер жана муниципалдык кызматкерлер гана катыша алат. Аларда жогорку билими тууралуу диплому (бакалавр) же толук жогорку кесиптик билими жөнүндө диплому болуусу зарыл жана мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызматта кеминде үзгүлтүксүз 2 жыл иш стажы бар кызматкерлер катыша алышат.

Сынакка катышууга документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 21-июлунан тартып 21-августуна чейин жүргүзүлөт. Талапкер жогорудагы талаптарга дал келбесе, документтер кабыл алынбайт!!!

Кабыл алыуу үчүн документтер:

  • Төмөндөгү көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу кабыл алууну ырастоо үчүн онлайн каттоодон өтүңүз:           https://forms.gle/ncY2YdZex5woyGdE9.
  • Техникалык катчыга төмөнкү документтерди тапшырыңыз:
  • ректордун наамына абитуриенттен арыз;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • "бакалавр" академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку билими жөнүндө дипломдун түп нускасы же тиешелүү багыт же адистик боюнча "адис" квалификациясы бар жогорку билими жөнүндө диплом;
  • 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт – 4 даана жана электрондук форматы;
  • иштеген жеринен үзгүлтүксүз иш стажын тастыктаган маалым кат;
  • иштеген жеринен жетекчинин сунуштама каты;
  • таржымал (резюме) уюлдук байланыш телефондору менен;
  • "Эмне үчүн мен бул программаны тандап алдым" аттуу мотивациялык дилбаян мамлекеттик тилде (көлөмү 2 беттен ашык эмес);
  • документтерди кабыл алуу үчүн төлөм - 1500 сом (квитанциянын  көчүрмөсү).

ТӨЛӨӨ РЕКВИЗИТТЕРИ:

КРПМБА

Бишкек шаары, Панфилов көчөсү 237

г. Бишкек, Панфилова к., 237

ОКПО 20134458

ИНН 01704199210085

Регистр. № СФКР 01-00008-02

Спец. счет 

Банк  Центральное Казначейство МФ КР 

БИК  440001

Расчетный счет  4402011103016454

Первомайский РОК 

УГНС Первомайского р-на  код 004

Платеждун коду 14232100

"Жазуу укугу үчүн" толук аты-жөнүн көрсөтүү зарыл

  • Ханнс Зайдель Фонду менен биргелешкен магистратура программаларына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кабыл алуу эрежелеринин негизинде документтерди текшерүү, мотивациялык дилбаянды, тематикалык дилбаянды жана маектешүүнү баалоо, ошондой эле кабыл алуу квоталарын жана гендердик квотаны эске алуу менен эң жогорку балл алган абитуриенттердин тизмесин түзүү – аялдардын 40%дан кем эмеси жүргүзүлөт.
  • Жыйынтыктарды жарыялоо. Окууга сунушталган тизмелер маалыматтык тактада жана Академиянын сайтында – http://www.apap.kg жайгаштырылат.
  • Академия, Ханнс Зайдель Фонду, магистрант жана окууга өтүүгө сунуштаган жак (мамлекеттик же муниципалдык орган) менен төрт тараптуу келишим түзүлгөндөн кийин сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча талапкерлер окууга кабыл алынат.

Толугу менен кененирээк маалыматты КРПМБАнын сайтынан http://www.apap.kg же  жоопту катчы Осмонбетова Венера Кубанычбековна айымдан аласыздар: (+996) 551-483-821, же техникалык катчы Сулатаналиев Азис мырзадан ала сыздар: (+996) 551-483-821; (+996) 312 62-44-42