Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн адам ресурстарын өнүктүрүүгө жооптуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин IV-жолугушуусу
20.07.2025
2025-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Калчакеева Айгюль Муратовна Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда өткөн, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн адам ресурстарын өнүктүрүүгө жооптуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин IV-жолугушуусуна катышты. Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен уюштурулду.
Иш-чарага ошондой эле төмөнкү өкүлдөр катышты:
- Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик саясат жана башкаруу академиясынын ректору, д-р Салихов Жасур Шавкатович.
- Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын илим жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, профессор Эльвин Ибрагимович Азизбеков.
- Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын корпоративдик жана финансылык ишмердүүлүк боюнча проректору, экономика илимдеринин кандидаты Бекиш Улан Абдилкаилович.
Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик саясат жана башкаруу академиясы ортосунда Кызматташуу Меморандумуна кол коюлду.